Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында жардамга муктаж 100 балага окуу куралдары таратылды

Turmush -  Кечээ, 27-августта Нарын облусунун райондорунан жана айылдарынан Нарын шаарына чогулган 100 балага окуу куралдары жана кийим-кечелер таратылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жардамдар «Муктаждык уят эмес, колунда болуп туруп бөлүшпөй коюу уят» акциясынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына таратылды. 100 баланын ар бири мектепке керек болгон костюм жана шым, ак көйнөк, галстук, калем, дептер, китеп кабына чейин камсыз кылынды. Курман айт майрамына карата мектеп окуучуларына таттууга толгон белек баштыкчалар таратылып, дасторкон жайылып, тамак берилди.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген 20дан ашык баланын үйлөрүнө жогоруда айтылган белектер жеткирилип берилмей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×