Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында жол эрежелерин сактоо боюнча бир айлык түшүндүрүү иштери жүрөт

Turmush -  Нарын шаарында 21-августтан 20-сентябрга чейин «Көңүл бургула балдар!» аттуу рейд башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга патрулдук милиция бөлүмүнүн үгүт-насаат иштери боюнча нускоочусу Т.Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, бир айлык рейддин жүрүшүндө жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу, жол эрежелерин сактоо боюнча билим берүү мекемелеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Нарын шаарынын ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу кичи автобустарга жана троллейбустарга «Көңүл бургула балдар!» жазуулары бар чакырыктар илинет. Жол эрежелерин сактоо боюнча жаш инспекторлор командалары менен бирдикте айдоочулар арасында үгүт-насаат иштери жана сентябрь айынан баштап билим берүү мекемелеринде атайын лекциялар өтүлүп, окуучулар жана ата-энелер арасында жол эрежелерин үйрөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×