Бөлүмдөр
Ишемби, 23-сентябрь
68.49    81.6    1.18    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарында Эгемендүүлүк күнгө карата милиция кызматкерлеринин футболдук мелдеши өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгына карата облустук ички иштер башкармалыгынын райондук бөлүмдөрүнүн жана Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринин арасында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулардын атынан Нурлан Асанов билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдешке райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн 8 курама команда катышты. Мелдештин жүрүшүндө Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн курама командасы жакшы даярдыкта экендигин көрсөттү.

Оюндун жыйынтыгында 1-орунду ээлеген Нарын шаардык күзөт бөлүмүнүн курама командасына кубок, 5 миң сом, 2-орунду ээлеген патрулдук милиция бөлүмүнүн командасына 4 миң сом, 3-орунду алган ОИИБдин командасына 3 миң сом акчалай сыйлык жана тиешелүү даражадагы дипломдор тапшырылды. Ал эми, мыкты оюнчулардын катарына кирген Жумабек уулу Эржан «Мыкты дарбазачы», Конокбаев Муканбет «Мыкты коргоочу», Аксайбеков Канат «Мыкты чабуулчу», Кожомбердиев Нарынбек «Мыкты бомбардир» наамына ээ болуп, ар бири миң сомдон акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу