Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарын облусунун мугалимдеринин кеңешмеси өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы Жаштар ордосунда Нарын облусунун мугалимдеринин кеңешмеси өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган кеңешмеге облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, анын орун басары Жаркын Ибраева, билим берүү тармагында эмгектен мугалимдер жана тарбиячылар катышты. Кеңешмеде баяндама жасаган облустук усулдук билим берүү борборунун директору Касымбек Мамытов өткөн жылдагы ийгиликтерди жана жетишкендиктерди айтып, жаңы окуу жылындагы даярдыктарга токтолду. Анын маалыматына караганда, өткөн окуу жылында 57 миң 112 бала билим алып, 5 миң 847 мугалим эмгектенген. Облус боюнча 12 окуучу «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болуп, республикалык олимпиадада бир окуучу 1-орун, бир окуучу 2-орун, үч окуучу 3-орунду камсыз кылышты. Алты окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дөн жогору упай топтошту.

«6 миң 394 бала 480 сааттык "Наристе" программасы менен окуду. Өткөн окуу жылында 8 бала бакча ачылып, жалпы 125 бала бакчага 10 миңден ашуун бөбөктөр тартылып, 590 тарбиячы эмгектенди. 22 жайлоо бакчасы уюштурулуп, ага 485 бала тартылды. 23 миң 390 балага ысык тамак берилип, бюджеттен 40 млн 684 миң 400 сом каражат бөлүнгөн. Жалпы билим берүүчү мектептердин жана бала бакчалардын материалдык базасын чыңдоо максатында оңдоо-түзөө жумуштарына жалпы 115 млн 743 миң 478 сомдук инвестиция тартылган. Быйылкы окуу жылына карата мектептерди оңдоп-түзөө жумуштарына 5 млн 91 миң 635 сом каралып, былтыркыдан 164 миң 370 сомго аз бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бул акча каражаты менен оңдоп-түзөө жумуштарын толук бүткөрүүгө мүмкүн эмес. 26 мектеп жалпы суммасы 113 млн сомдон ашык капиталдык оңдоодон өттү. 2017-жылы жалпы суммасы 287 млн 300 миң 200 сомго 4 мектеп, 2 бала бакча, 4 кошумча имарат, бир спорт зал бүткөрүлүп пайдаланууга берилди», - деди Касымбек Мамытов.

Учурда облуста 19 мектеп, 5 бала бакча жана 4 спорт залдын курулушу жүрүп жатат. Облустагы 25 мектеп авариялык абалда турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 872
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×