Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарын шаарынын 149 жылдыгы белгиленет

Turmush -  Нарын шаарынын 149 жылдык мааракеси 16-сентябрь күнү белгиленип, шаардын бардык аймактарында майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын шаарынын 5 аймагынын жашоочуларынын жана ошол аймакта жайгашкан мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда сейил бактарда улуттук каада-салттарды чагылдыруу боюнча сынак, тамак-аштардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөлөрү, боз үйлөрдүн сынагы жана башка оюн-зоок программалар уюштурулат. Мындан сырткары, Нарын шаарынын 149 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 2014-2017-жылдарга Нарын шаарын өнүктүрүүнүн жол картасынын жыйынтыктары боюнча семинар жана улуттук буюм-тайымдардын жасалышын, тамак-аштардын даярдалышын көрсөткөн мастер-класстар, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, «Тоо койнундагы шаар» аталыштагы сүрөт көргөзмө жана башка кызыктуу иш-чаралар менен коштолгон «Нукура» фестивалы өтөт.

Ал эми, иш-чаранын жабылышы кечки саат 18:00дө борбордук «Ала-Тоо» стадионунда өтүп, анда чөлкөмдөрдөгү сынактын жыйынтыгы чыгарылып, белгилүү ырчылардын катышуусунда чоң программадагы майрамдык концерт тартууланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 923
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×