Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы инвестициялык форумда 110 млн сомдук меморандумга кол коюлду (фото)

Turmush -  Нарын шаарында «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!» V эл аралык инвестициялык форумунун алкагында 110 млн сомдук 2 меморандумга кол коюлду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, форумду алгач өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов ачты. Андан соң Кытай Эл Республикасынын Кашкар округунун партком секретарынын орун басары Хэ Юй, Беларусь Республикасынын Могилев шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Александр Потемкинге сөз берилип, Экономика министрлигинин мамлекеттик кеңешчиси Бакыт Өмүрзаков «Таза коом» долбоорун тааныштырды. Москва шаарындагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын президенти Кубанычбек Осмонбеков, Кыргыз-орус ишкердик кеңешинин директору Данияр Акказиев, Россиядагы мигранттар федерациясынын президенти Вадим Кожановдун куттуктоолорунан кийин аталган долбоор талкуудан өттү.

Ошондой эле, Экономика министрлигинин аймак аралык башкармалыгынын жетекчиси Зайнедин Жумалиев тарабынан «Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү», «Нарын» ЭЭАнын директору Гүлзат Абдрасулова «Ат-Башы районундагы индустриалдык-логистикалык борборунун курулушу», «Кочкор логистик» кооперативинин директору Темирбек Шабданалиев «Кочкор районунда картошка сактоочу логистикалык борбордун курулушу», «Шалбар» ЖЧКнын директору Ырысбек Таштанбеков «ЖЧКнын тигүү ишмердүүлүгүнүн кеңейтилиши» тууралуу долбоорлорду тааныштырышты.

V эл аралык инвестициялык форумдун жыйынтыгында 110 млн сомдук инвестиция тартуу боюнча 2 меморандумга кол коюлду:

- Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппараты менен «Жибек жолу» ЖЧКнын кызматташтыгы боюнча меморандум;

- Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппараты менен «Кипарис» ЖЧКнын кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:40,   17.11.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×