Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Нукура» фестивалы өтөт

Turmush -  Нарын шаарында «Нукура» фестивалы өтөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын шаардык мэриясынан Элиза Качкынбаева билдирди.

Анын айтымында, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Фестивалга жергиликтүү бюджеттен 300 миң сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөр тарабынан да көмөк көрсөтүлөт.

«Фестивалдын алкагында кыргыздын маданияты чагылдырылат. Фестиваль шаардын туулган күнүндө 16-сентябрда өтөт. Ошону менен бирге туристтик сезон жыйынтыкталат. Шаардын 5 чөлкөмүндө боз үйлөр тигилип, тушоо кесүү, баланы бешикке салуу сыяктуу жана башка каада-салттар көрсөтүлөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 813
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×