Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Нарында эл аралык инвестициялык форум өтүп жатат (фото)

Turmush -  Нарын шаарында бүгүн, 21-августта «Нарын — Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн» V эл аралык инвестициялык форуму өтүп жатат, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, Экономика министрлигинин регион аралык башкармалыгынын башчысы Зайнедин Жумалиев, эл аралык уюмдардын, Нарын облусунун бизнес ассоциациялардын жана Россия, Беларусь Республикасы, Кытай мамлекеттеринин өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумдун эң негизги максаты — ата-мекендик жана чет элдик инвесторлорду тартуу жана тоолуу регионду экономикалык жактан өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду турмушка ашыруу, калкты иш менен камсыз кылуучу жаңы ишканалардын соода-экономикалык байланышын чыңдоо, ошондой эле бир катар социалдык долбоорлорду ишке киргизүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1090
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×