Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

«Нарын суу канал» ишканасы шаардыктардан таза сууга унааларды, килем-паластарды жуубай, үнөмдөөгө чакырат (видео)

Turmush -  Нарын шаарынын тургундары эскертүүлөргө карабастан таза сууга килем-палас жууганды токтотпой келет. «Нарын суу канал» ишканасынын билдирүүсү боюнча, анын кесепетинен таза суу шаардын аягына жетпей, айрым көчөлөрдө суу чыкпай да калат.

Учурда Нарын шаарынын элин таза суу менен камсыз кылуу жана ыплас сууларды кабыл алып, кайра иштетүү үчүн жалпысынан 65 кызматкер эмгектенүүдө. Шаар тургундарынын 70-80%ы жашылдандыруу, курулуш иштеринде, мал-жандыктарды сугарууда жана өрт өчүрүү кызматы менен жылуулук ишканалары дагы ишкананын кызматын пайдаланат. 

«Ишкананын шаардагы элдин тиричилигине кошкон салымы абдан чоң. Учурда суу түтүкчөлөр эскирип, жарылуулар болуп жатат. Мындан улам элге таза суу жеткирүү өтө оор эмгекти талап кылууда. Буга байланыштуу ар кандай эскертүүлөргө карабастан шаар тургундары унааларын, килем-паластарды тазалоого дагы таза сууну колдонуп келишет. Биздин кызматкерлер айлыктын аздыгына, жумуштун оордугуна карабай үзүрлүү эмгектенүүдө», - деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө. 

Ошондой эле, быйыл ишкананын бюджетине бөлүнө турган каражат кыскартылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3737
Көп окулду
×