Бөлүмдөр
Ишемби, 18-ноябрь
69.75    82.23    1.16    KZT 0.21
Нарын

Фото - Нарындагы көп балалуу үй-бүлөнүн балдары эмделбей, 11 жаштагы кызы мектепке барбай калган

Turmush -  Нарын шаарында жашаган көп балалуу эне Гүлнура Ботокановага облус башчысы Аманбай Кайыпов тарабынан 10 миң сомдук материалдык жардам берилди. Бул үй-бүлөдөгү төрт бала документтери жок болгондуктан жөлөк пул албай келишкен. Алар эмдөөлөрдөн да өз убагында өтпөгөнү маалым болду.

«Ушул айда балдар медициналык кароодон өткөрүлүп, тийиштүү документтери даярдалып, жөлөк пул берилмей болду. Буга чейин 11 жаштагы кызы мектепке барган эмес. Аны мектепте окутуу маселеси да чечилди», - деди өкүлчүлүктүн кызматкери Динара Жунусова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1332
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Janylbai
11:51, 14 августа 2017
кайрымдуу адамдар коп болсун.
Көп окулду
×