Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Нарын

Нарында өлкөнүн салыкчылары спортун 8 түрүнөн күч сынашты (фото)

Turmush -  Нарын шаарында өткөн салык кызматкерлеринин республикалык спартакиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга салык кызматкери Нурлан Абакиров билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдешке облустардан жана шаарлардан келген курама командалар спорттун 8 түрү волейбол, кичи футбол, шахмат, үстөл үстүндөгү теннис, аркан тартыш, тогуз коргоол, бильярд, жеңил атлетика боюнча күч сынашты.

Спартакиаданын жыйынтыгында, жалпы командалык эсеп менен Бишкек шаарынан келген курама команда 1-орунду ээлесе, 2-орунду Чүй облусунун, 3-орунду Жалал-Абад облусунун командасы камсыз кылышты. Жеңүүчүлөргө кубок, тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана мыкты оюнчуларга баалуу белектер тапшырылды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2044
×