Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарында прокуратура кызматкерлеринин спартакиадасы башталды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 16-июнда Нарын шаарынын борбордук стадионунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата республикалык деңгээлдеги спартакиада башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга прокуратуранын өкүлү Эрлан Күстебаев билдирди.

Маалым болгондой, спартакиадада Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарынан келген командалар волейбол, кичи футбол, кол күрөш, шахмат, чоюн көтөрүү, ошондой эле жеңил атлетика боюнча күч сынашат.

Спартакиаданын ачылыш аземине прокуратуранын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышып, оюнчуларга ийгилик каалашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1933
Көп окулду
×