При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Жол эрежесин сактабаган жөө жүргүнчүлөр 500 сомдук айыпка тартылат, - патрулдук милиция (фото)

Turmush -  Нарында жөө жүргүнчүнүн жолдо жүрүү эрежелери боюнча иш-чара өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция кызматынын башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери жол кырсыгынан 8 адам жабыркаса, алардын төртөө жөө жүргүнчүлөр.

«Республика аймагында катталган автокырсыктардан жабыркагандардын 60%ы жөө жүргүнчүлөр. Мындан улам Нарында жөө жүргүнчүнүн жолдо жүрүү эрежелери боюнча бир айлык иш-чара өтүп жатат», - деди Т.Оторов.

Ошондой эле, жөө жүргүнчү жолдо жүрүү эрежелерин сактабаса, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 247-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде 500 сом айыпка тартыларын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2293
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:08,   16.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу