Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарында Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын борбордук аянтында 14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, иш-чарага Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, «Ардактуу донор» наамынын ээлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул иш-чаранын катышуучулары элди донорлукка чакырып, Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү менен куттукташты. Андан соң, донорлорго баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле, лотереялар ойнотулуп, катышуучулар баалуу утуштарга ээ болушту. Иш-чара чакан программадагы концерт менен коштолду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1574
×