Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - Нарында 2 жаштагы кыздын ичинен мите курттар чыкты

Turmush -  Нарын шаарында эки жаштагы кыздын ичинен аскарида курту чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лаборанты Венера Осмоналиева билдирди.

6 Маалым болгондой, эки жашар кыз горшокко отургандан кийин, анын ичинен төрт курт түшкөн. Кыздын энеси ал курттарды санэпидкөзөмөлдөө борборуна алып барган. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгында аскарида мите курттары экени аныкталган. Кыз дароо эле дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.

7 Дарыгерлердин айтымында, учурда кыздын абалы жакшы. Керектүү дары-дармектер менен дарыланып жатат. Дарылоо мөөнөтү аяктагандан кийин кайрадан анализ алынып, ден соолугу текшерилет.

Аскарида — 25-30 см жеткен коркунучтуу мите курт. Ал адамдын ичегисинде жашайт. Ал ичегиде чоң-чоң түйүлдүк түрүндө жайгашып, саны 50-60ка чейин жетет. Көбөйүп кеткенде баланын заңы менен чогуу чыга баштайт. Ал бала жеген тамак-ашты кошо сиңирип, анын курамындагы витамин, минералдарды өзүнө тартып алып, кайра уу бөлүп чыгарат. Уунун кесепетинен баланын бою өспөй, арыктап жана ооруп баштайт.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 9028
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×