Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Кыргызстанда кан донорлорун көбөйтүү максатында 3 жылдык программа иштеп баштады (видео, фото)

Turmush -  14-июнь — Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү. Буга карата Нарын шаарында өткөн жыйынга Улуттук Кызыл жарым ай коомунун Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн директору М.Жолдошбеков, кан донору боюнча программанын өкүлү Н.Сманбаева, Нарын облустук кан борборунун медайымы А.Жапарова, «Ардактуу донор» наамынын ээси К.Бегалиев жана А.Майлыбаева катышты.

Жыйында өлкөдөгү кан берүүчү донорлордун санын көбөйтүү жана донорлукка чакыруу маселелери айтылды.

«2017-жылдан тарта кан донорлорунун санын көбөйтүү үчүн 3 жылдык программаны баштадык. Бул программанын алкагында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен кан донорлору көбөйүп, муктаждарга жардам берилет. Программаны ишке ашыруу үчүн Нарын облустук кан борбору менен бирге иштешебиз», - деди М.Жолдошбеков.

Нарын облустук кан борборунун медайымы А.Жапарованын айтымында, жылына миңден ашык адам кан тапшырышат. Алардын ичинен 55 адам дайыма тапшырып тургандар. Кан тапшырууга келгендер сөзсүз 5 ирет текшерүүдөн өткөрүлөт.

«Ардактуу донор» наамынын ээси К.Бегалиев 24 жылдан бери кан тапшырып келет.

20170612_170334

«1993-жылы тууганыма кан керек болуп тапшыргам. Ошондон бери кан донору болуп калдым. Ден соолугум жакшы. Кан тапшыргандан кийин өзүмдү мындан да сергек сезип калам. Кан алуучу адистер донорлорду жакшы кабыл алып, кийинки ден соолугуна да кам көрүшөт. Мен аталган наамды 2013-жылы алгам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1573
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×