Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - Нарында митингге чогулгандар БАУнун студенттерин чөгөлөтүп кечирим суратышты

Turmush -  Нарын шаарында митингге чогулгандар Борбордук Азия университетинин студенттерин чөгөлөтүп кечирим суратышты.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, алар менен жолугушууга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана аталган окуу жайдын мугалимдери келди. Анда, митингчилер БАУда окуган студенттерди чөгөлөп кечирим сурашын талап кылышты. Жергиликтүү жаштарга кайрылган А.Кайыпов эмоцияга алдырбоого чакырып өттү.

Бирок, кызуу кандуулукка алдырган жаштар БАУнун студенттери турган тарапка отургучтарды ыргытып, кыр көрсөтүштү. Андан улам башаламандык пайда болуп, абал тынчыганда жаштардан окуу жайдын студенттери чөгөлөп кечирим сурашты.

Жыйынга катышкан Борбордук Азия университетинин мугалими Диана Фауна жаштарды ынтымакка чакырды.

IMG-20170608-WA0196

«Мен биринчиден Нарын элинен жана жаштарынан кечирим сурайм. Биздин университет жаңы гана ишин баштап жатат. Жаштардын ортосундагы чыр баскетбол мелдешинен чыгыптыр. Мындай оюн биринчи жолу болуп жаткандыктан кийинкисин көзөмөлгө алып өткөрөбүз.  Нарын жаштары жана Нарын мамлекеттик университети менен ар дайым иштешип келебиз. Биз жаңжалдашуунун ордуна мамилебизди бекемдеп, тыгыз байланышта болушубуз керек», - деди Диана Фауна.

Нарын ОИИБдин башчысы Нурлан Сарчаев бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлө турганын жана жергиликтүү жаштар менен 10-июнь күнү жолугушарын билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы маалымдагандай, бүгүн, 8-июнда Нарын шаарында 100гө чукул жаштар митингге чыгышты.

Алардын айтымына караганда, 27-майда университеттин спорт залында Нарындын жаштары менен аталган окуу жайдын студенттеринин ортосунда баскетбол мелдеши өткөн. Оюндун жүрүшүндө эки команданын ортосунда чыр чыгып, университетте окуган балдар жергиликтүү жаштарды ур-токмокко алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14949
Комментарии
Обсуждения закрыты
комментарий удален администрацией сайта
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×