При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Фоторепортаж: Нарын мамлекеттик университети — облустагы маданият менен билимдин ордосу

Turmush -  Кыргызстандагы эң мыкты университеттердин катарына кирип, «Европалык сапат» эл аралык сыйлыгынын ээси аталган Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети облустун жаштарына эле эмес, чет жерден келип окуган студенттерге дагы сапаттуу билим берүү булагына айланды. Түзүлгөнүнө 20 жылдан ашык убакыт болгонуна карабай Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар менен катарлаш келүүдө.

Учурда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор — Өмүралиева Дамира Кемеловна.

12

Университеттин миссиясы:

- Нарын регионунун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн регионду жогорку квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу жана андан ары дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыгуу;

- Жаңы билимдерди, инновациялык идеяларды генерациялоо;

- Тез өзгөрүп жаткан дүйнөнүн шарттарында натыйжалуу аракеттенүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо;

- коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын топтоо, сактоо жана көбөйтүү.

Университеттин тарыхы

Нарын мамлекеттик университети бийик тоолуу облуста 1996-жылдын 22-майында президенттин буйругу менен Нарын айыл чарба техникумунун, Мамбетакунов Кадырбай атындагы педагогикалык окуу жайынын, Облустук мугалимдердин билимин жогорулатуу институтунун жана Кыргыз архитектуралык курулуш институтунун облустук филиалынын базасында Нарын шаарында ачылган. Анын ачылышы Нарын эли үчүн чоң сыймык болуп, республикага керектүү жогорку билимдүү кадрларды даярдоо менен гана чектелбестен, калктын социалдык-маданий маселелерин чечүүгө да салым кошту.

Өкмөттүн 2009-жылдын 18-декабрындагы токтому менен Нарын мамлекеттик университетине Сатыбалды Нааматовдун ысымы ыйгарылган. Сатыбалды Нааматов —  кыргыз интеллигенциясынын 20-30-жылдардагы алгачкы билимдүү өкүлдөрүнүн бири. Ал бир нече окуу китептеринин автору катары өлкөдөгү сабатсыздыкты жоюуга, социалдык-маданий, агартуу тармагына эбегейсиз салымын кошкон инсан катары белгилүү.        

Университеттин жамааты

Окуу жайда 8 профессор, 23 доцент, илимдин 5 доктору жана илимдин 47 кандидаты, жалпы 142 окутуучу эмгектенет. Университетте жыл өткөн сайын билим алып жаткан студенттердин саны жана билими жогорулап, окутуучулардын курамы жана даражалары да өсүп, Нарын жергесинде бирден бир билим берүүнүн, илимдин, маданияттын булагына айланды.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети «Европалык сапат» эл аралык сыйлыгынын ээси да болгон.

Факультеттер

Учурда НМУда күндүзгү бөлүмдө төрт факультет: агрардык-техникалык факультет, педагогикалык факультет, экономика, бизнес жана башкаруу факультети, филология факультети бар.

Булардан сырткары, университеттин алдындагы Нарын педагогикалык колледжи, агрардык-экономикалык колледж, мугалимдердин билимин өркүндөтүү борбору облуска керектүү адистерди даярдоодо жана кадрлардын билимин өркүндөтүүдө көптөгөн ийгиликтерге ээ болууда. Университет ачылганда бир гана окуу имаратына ээ болсо, азыркы убакта төрт окуу имараты, «Соң-Көл» жаштар жана студенттер маданият сарайы, бардыгы болуп беш окуу жана бир маданий-массалык иштерди өткөрө турган имараттарга ээ.                        

Ар бир факультетте заманбап компьютердик класстар иш алып барууда. Бардык компьютерлер интернет түйүндөрүнө кошулгандыктан профессордук-окутуучулук жамаат жана студенттер үчүн кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Үзгүлтүксүз тейлеген илимий китепкана 2 абонемент, 2 жалпы окурмандар залы, мезгилдүү басылмалар жана илимий маалыматтар залы жана электрондук окуу залы­нан турат. Бүгүнкү күндө илимий китепканада жүз миңге жакын ар түрдүү багыттагы адистиктердин окуу китептери жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн борборлорунун фондусун кошкондо 130 миңден ашуун китеп фондусу бар. Россиядан чыгып жаткан 20дан ашык ар түрдүү багыттагы илимий журналдар келип турат. Мындан сырткары университеттеги 139 окутуучу-окумуштууда окуу программалары жана методикалык колдонмо китептери бар. 

Учурда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде бакалавриаттын төмөнкү профилдери боюнча адистер даярдалат:

Филология факультети: кыргыз тили жана адабияты; орус тили жана адабияты; англис тили жана адабияты; корей тили жана адабияты; кытай тили жана адабияты; түрк тили жана адабияты; араб тили жана адабияты; немис тили жана адабияты.

Экономика, бизнес жана башкаруу факультети: бухгалтердик эсеп; анализ жана аудит; каржы жана кредит; менеджмент; экономика; салык жана салык салуу; экономика жана башкаруу; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу; бажы иши; тарых.

Агрардык-техникалык факультет: жол кыймылын уюштуруу; электростанция; айлана-чөйрөнү коргоо; физика-математикалык билим берүү; маалыматты иштетүүнүн жана башкаруунун автоматташтырылган системалары; айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү.

Педагогикалык факультет: табигый илимдер (химия, биология); көркөм сүрөт өнөрү; мектепке чейинки тарбия берүү; башталгыч класстын мугалими; математика; информатика мугалими сыяктуу .

Ошондой эле, дистанттык бңлүмдө 1700дөн ашуун студент 18 адистик боюнча билим алып жатат. 

Нарын университети кыска убакыттын ичинде 4 миңден ашык жогорку билимдүү адистерди даярдап, алар учурда Кыргызстандын бардык региондорунда гана эмес, Борбордук Азиядагы коңшу өлкөлөрдө, Америка Кошмо Штаттарында жана Европанын бир катар мамлекеттеринде ийгиликтүү иштеп жатышат.

Эң жакшы окуган жана окуу жайдын коомдук иштерине активдүү катышкан студенттерге моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүлүп турат. Окуу жайдын алдында материалдык-техникалык базасы талапка жооп бергидей ири илимий китепкана бар. Ал ылайыктуу окуу залдар менен камсыз болгон. Китепкананын фонду 90 миңден ашык нускадагы китеп, окуу китептери, 65 аталыштагы илимий журналдар, 22 түрдүү гезиттер менен камсыз болгон. Электрондук китепканадан дагы аудио-видео материалдарды табууга болот. Окуу имараттарда студенттер үчүн талапка ылайык лабораториялар, кабинеттер иштейт.

Илимий изилдөө иштери

Студенттердин илимий иштерге катышуусу жогорку билим алуудагы негизги талап болуп эсептелет. Студенттердин илимий иштеринин темаларын аныктоо, жаш илимпоздордун изилдөөлөрүн уюштуруу максатында семинар, тренинг, конференциялар өткөрүлүп турат.

Университетте аспирантура бөлүмү 2002-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен ачылган. Аспирантура бөлүмүнүн максаты – республиканын эл чарбасы үчүн жогорку кесиптик деңгээлдеги илимий-теориялык даярдыгы мыкты окумуштуу кадрларды даярдоо. Аспирантура бөлүмү ачылгандан баштап 5 доктор, 21 кандидат изилдөөлөрүн ийгиликтүү коргосо, бүгүнкү күндө 5 аспирант кандидаттык диссертацияларын коргоонун алдында турат.

Университетте эл аралык магистрдик борбор 2008-жылы ачылган. Азыркы учурда НМУнун эл аралык магистрлик борборунда алты адистик боюнча 85 магистрант билим алып жатат. Магистранттарга АКШда, Европада жана Азия өлкөлөрүндө окуп, билимин жогорулатып келген жогорку квалификациялуу окутуучулар сабак беришет.

Кытай тили жана маданияты борбору 2007-2008-окуу жылында ачылган. Борбордо Үрүмчү шаарынын алдыңкы окуу жайларынын биринен келген ыктыярчылар Чжао Сао, Ву Хайян сабак беришет. Борбордо учурда 33 студент билим алууда. 

Корей борбору Түштүк Корея Республикасынын Санлин колледжи менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2006-жылдан бери иштеп келе жатат. Анда студенттерге чыгыш маданиятын үйрөнүү жана жаңы маалыматтык технологияларды өздөштүрүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Мыкты окуган студенттер Түштүк Кореядан билимин өркүндөтө алышат. Борборду профессор Ли Вон Жунг жетектейт.

Араб тили жана маданияты борборунда студенттер араб тили жана маданияты боюнча билимдерге ээ болушат. Мында Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш университети менен бирге иш жүргүзүлөт жана араб мамлекеттеринин фонддору менен тыгыз байланыштар түзүлгөн.

Америка таануу борбору 2004-жылдан бери өз ишин жүргүзүп келет. Борбордо англис тили (баштапкы, орто жана жогорку деңгээлде), кошумча түрдө дил баян жазууга, маектешүүгө жана эссе жазуунун ыкмаларына окутулат. Америка таануу борборунун активдүү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн НМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмү Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары менен тыгыз иш алып барууда.

Түрк тили жана маданияты борбору Нарын мамлекеттик университети менен Түркия жумуриятынын премьер-министрине караштуу Түрк Кызматташтык жана өнүктүрүү башкармалыгынын (ТИКА) демилгеси менен 2006-жылы ачылган. Учурда түрк тили жана маданияты борбору XXI кылымдын талаптарына ылайык заманбап жабдуулар менен жабдылып, тил үйрөнүүгө бардык шарттар түзүлгөнү менен өзгөчөлөнөт.

Немис тили жана маданияты борбору Германиянын элчилиги менен биргеликте Нарын мамлекеттик университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн демилгеси менен 2010-жылы 18-ноябрда ачылды. Борбордо Германиядан тажрыйбай топтоп келген алдыңкы окутуучу сабак берет.

Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана адабият борбору 2009-жылдын сентябрында кыргыз улутунун мекенчилдик сезимдерин өстүрүү, улуттук маданиятты, нарк-насилди кеңири таанытуу, кыргыз тилинин коомдогу ордун жогорулатуу  максатында ачылган.

Колледждер

Педагогикалык колледжде окуган студенттер: башталгыч класстын мугалими (кошумча адистиги - англис тили), башталгыч класстын мугалими (кошумча адистиги – көркөм өнөр жетекчиси); башталгыч класстын мугалими (кошумча адистиги - музыка мугалими), дене тарбия мугалими, информатика мугалими, мектепке чейинки билим берүү, социалдык педагогика, маданий-социалдык ишмердүүлүк, тарбия иштерин уюштуруу ишмердүүлүгү адистиктерине ээ болушат.

НМУнун Агрардык-экономикалык колледжи 2008-жылдын август айында Нарын айыл чарба техникуму «Нарын мамлекеттик университетинин агрардык-экономикалык колледжи» болуп кайра түзүлгөн. Колледжде ветеринария, экология, бухгалтердик эсеп, финансы, банк иши, салык жана салык салуу багыттары боюнча адистер даярдалат.

Техникалык колледждеги (атайын орто билим берүү бөлүмүндө) адистиктер: эл аралык жүк ташуу, техникалык жактан тейлөө жана ремонттоо, эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик системаларды техникалык тейлөө, электр станциялары, тармактары жана системалары, тигүү буюмдарын моделдөө жана конструкциялоо, автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо иштери

Ошондой эле, НМУнун алдындагы автомектеп 1999-жылдан бери билим берет. Анда НМУнун студенттери кошумча кесип катары «В» жана «ВС» даражасы боюнча айдоочулук кесипти үйрөнө алышат.

Борборлор

Университеттеги Карьера (Келечек) борбору 2006-жылы Окумуштуулар кеңешинин чечими менен уюшулган. Максаты – окуу жайдын студенттеринде жана бүтүрүүчүлөрүндө кесиптик көндүмдөрдү калыптандыруу, өнүктүрүү жана алардын ишкерлик кесиптик алга жылуусуна көмөк көрсөтүү, жумушка орношууда практикалык жардам көрсөтүү. Борбор облустагы 54 мекеме, мектептер жана уюмдар менен 30дан ашык келишимдерди түзгөн. Натыйжада университеттин 130га жакын бүтүрүүчүсү борбордун жардамы менен жумушка орношту.

Кесиптик билимди өнүктүрүү жана билим сапатына мониторинг жүргүзүү борбору 2009-жылдын 2-мартында түзүлгөн. Борбордун максаты – инновациялык, илимий жана педагогикалык технологияларды иштеп чыгуу, окутуунун инновациялык методикаларын жана технологияларын жайылтуу аркылуу Нарын мамлекеттик университетиндеги илимий-педагогикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана сапатын арттыруу. Бул максатта алдыңкы тренерлерди, лекторлорду, Кыргыз Республикасынын алдыңкы окумуштууларын тартууну, Нарын мамлекеттик университетинин окутуучуларынын профессионалдык өсүүсүн камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

Университеттин эл аралык кызматташтыгы

Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилигинин колдоосу менен алдыңкы студенттер республикалык жана эл аралык илимий конференцияларга катышууга, өздөрү каалаган окуу жайлардан тажрыйба топтоого мүмкүнчүлүк алышат. Учурда агрардык менеджмент адистиги боюнча 6 студент Германиянын алдыңкы агрардык университеттерине тажрыйба алууга барып, билим алып жатышат.

Нарын мамлекеттик университети менен илим билим жаатында кызматташуу жана тажрыйба алмашуу максатында Түркия Республикасындагы Гедис университети (Измир ш.), Тургут Озал университети (Анкара ш.), Ялова университети (Ялова ш.) менен келишимдер түзүлүп, күз мезгилинен баштап мугалимдер жана студенттер тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышат.

Университеттеги маданий жана спорттук иш-чаралар

«Жаштар жана студенттер союзу» 2000-жылы 4-майда студенттердин жана жаш окутуучулардын демилгеси менен уюшулган. Маданий-массалык иштерди уюштурууда активдүүлүгүн көрсөткөн жаштар уюму алгылыктуу иштери үчүн эки жолу Нарын облусунун эң мыкты жаштар уюму деп табылган.

Нарын мамлекеттик университетинин «Саяктар» КВН командасы 2009-2010-жылдардагы сезонунда «Тамашоу» лигасында жарым финалда 1-орунду алып, финалга чыгышса, «Азия МIХ» лигасында Казахстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка кыргыз командаларынын ичинде сезондо 1-орунду бербей келе жатышат.

НМУнун 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара 2016-жылы 28-октябрда белгиленди.

НМУ аккредитациядан ийгиликтүү өттү

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети Кыргызстанда биринчилерден болуп аккредитациянын үч этабынан ийгиликтүү өттү. 2017-жылдын январь айынан баштап НМУ 2 программа:

- 750500 курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энерго натыйжалуулук профили) магистрдик;

- 710300 колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттары боюнча өзүн-өзү баалоо этабын аткарып, отчетторду Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигине тапшырган.

2017-жылдын 29-30-майында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан түзүлгөн эксперттик комиссия НМУда көз карандысыз аккредитация өткөрдү.

Агенттик өкмөттүн 2016-жылдын 4-октябрындагы токтому менен бекитилген аккредитациянын талаптарынын (7 стандарт боюнча) аткарылышы боюнча тышкы баалоонун жыйынтыгында НМУнун аталган 2 программасын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоону сунуштады.

2017-жылдын 5-июнунда Улуттук аккредитациялык кеңеш НМУнун 2 программасын: 750500 курулуш (калыбына келүүчү энергия булактары жана курулуштагы энерго натыйжалуулук профили) магистрдик жана 710300 колдонмо информатика (экономикадагы колдонмо информатика профили) бакалавр багыттарын 5 жылдык мөөнөткө аккредитациялоо боюнча чечим кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1020
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×