При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Нарындык балбандар «Президенттин кубогу-2017» мелдешинде байгелүү орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Нарындык балбандар «Президенттин кубогу-2017» мелдешинде байгелүү орундарга жетишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Болот Ибраев билдирди.

Маалым болгондой, Ыйман, адеп жана маданият жылына карата 2003-2004-жылдары төрөлгөн өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча мелдеш өттү. Анда, Нарын шаарынын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду камсыздап, кубок жана тиешелүү даражадагы диплом, ошондой эле баалуу белектер менен сыйланышты.

Болот Ибраевдин айтымында, 27 кг салмак категориясында 1-орунду Асан уулу Өмүрбек, 29 кг салмакта Үсөналиев Кыдырназар, 55 кг салмакта Искендеров Рамазан, 69 кг салмакта Бакеев Мундуз 2-орунду, ал эми 23 кг салмакта Жаныбеков Эсен жана 32 кг салмакта Айтмухаммед уулу Бекзат 3-орунду жеңип алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 653
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу