Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Фото - Канадалык легендарлуу хоккейчи Кен Драйден Нарынга келди

Turmush -  Канадалык легендарлуу хоккей оюнчусу Кен Драйден Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинде лекция өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, лекцияга студенттер, мугалимдер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты. Кен Драйден өзүнүн лекциясында эки өлкөнүн ортосундагы окшоштуктарды белгилеп, эки өлкөнү бириктирген жип Улуу Жибек Жолу экенин айтты.

Кен Драйден катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берип, өзү ойногон Канаданын курама командасынын хоккейдеги тажрыйбалары менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 925
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×