При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Нарындык окуучулар үч тилде «Манас» эпосунан үзүндү айтышты (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы мектеп-гимназиясындагы башталгыч класстын окуучулары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жолугушуу учурунда башталгыч класстын окуучулары англис, орус жана кыргыз тилинде «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти. Ал эми, өкмөт өкүлү өз кезегинде балдардын мугалимдерине ыраазычылык билдирип, ар бир окуучуга китептерди жана таттууларды тапшырды.

Чкалов атындагы мектеп-гимназиясы жана «Монтессори» коомдук фонду эки жылдан бери монтессори системасы менен мектеп жашына чейинки балдарга билим-тарбия берип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 478
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×