Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Ат-башылык футболчулар «Келечек лига» мелдешинин жеңүүчүсү аталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Келечек лига» футболдук мелдеш өттү. Анда, 2003-2004-жылдары төрөлгөн балдар «Ынтымак кубогу» үчүн күч сынашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына машыктыруучу Нурлан Акунов билдирди.

Маалым болгондой, мелдешке Нарын шаары жана Нарын, Ат-Башы райондорунан келген 11 курама команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында Ат-Башы районунун «Ат-Башы» командасы 1-орунду, ал эми 2-орунду Нарын шаарындагы №8 мектебинин окуучулары ээлесе, 3-орунду Нарын районунун «Миң-Булак» командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө кубок жана тиешелүү даражадагы диплом, алтын, күмүш, коло медалдар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 925
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×