Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Китеп кербени» иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы С.Жакыпов атындагы сейил бакта «Китеп кербени» иш-чарасы өттү. Ал Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепкананын алдындагы Америка бурчунун колдоосу менен уюштурулду.

Маалым болгондой, иш-чаранын максаты — жаш муундарды китеп окууга чакыруу жана Кыргызстан менен Американын ортосундагы достук байланышты өнүктүрүү болуп саналат. Анын жүрүшүндө квиллинг, кийиз жасоо, сүрөт тартуу боюнча чебер-класстар өткөрүлдү. Ошондой эле, китеп көргөзмөлөр уюштурулуп, маданияттын баалуулуктары тууралуу маалыматтар берилди. Окуучулар арасында сүрөт тартуу боюнча сынак да өтүп, чакан программадагы концерт көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×