Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы оорукана 157 миң сомдук медициналык аппараттар менен камсыз болду (фото)

Turmush -  Нарын шаардык ооруканасынын жүрөк - кан тамыр оорулар бөлүмүнө 157 миң сомдук медициналык аппараттар берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, Нарын шаардык кеңеши ооруканага керектүү аппараттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 157 миң сом бөлгөн. Ага аба менен дем алуучу эки аппарат жана монитор алынып, орнотулду.

Шаардык кеңештин төрагасы Жыргал Ботоканов менен облустук бириктирилген оорукананын жетекчилиги аталган оорукананын жамаатына жаңы аппаратты тапшырып, бейтаптардын ден соолугунун чыңдалышына өбөлгө болору айтылды.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×