Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Фото - Нарын шаарында асфальт жолду мыйзамсыз казуу фактысы катталды

Turmush -  Кечээ, 1-июнда Нарын шаарындагы борбордук аянтка жакын жайгашкан соода борбордун жанындагы асфальт жолду белгисиз адамдар мыйзамсыз казышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ШИИБдин тергөөчүсү Орунбек Байтиев билдирди.

Анын айтымында, Токтосунов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Плаза» соода түйүнүн жетекчилери канализация киргизүүгө уруксат кагазы жок экенине карабай, асфальтты казууга киришкен.

«Соода түйүнгө канализация киргизүү үчүн анын аймагында асфальтталган жолдун казылганы боюнча тергөө ишин баштадык. Ээлери Патрулдук милиция кызматынан уруксат алышкан эмес.  Канализация казуу үчүн документтерди алганбыз деп жатышат, бирок бизге көрсөтүшкөн жок», - деди О.Байтиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6371
×