Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Фото - Нарын шаарында Балдарды коргоо күнү белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 1-июнда Нарын шаарындагы Сейитаалы Жакыпов атындагы сейил багында Балдарды коргоо күнүнө карата иш-чара уюштурулуп, ага 1 миңге чукул балдар жана ата-энелер катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бөбөктөрдү өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Кайыпов жана шаар мэри Э.Алымкулов куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын шаарындагы Р.Өмүрзакова атындагы сейил бакта балдар үчүн курулган аттракциондун ачылышы болду. Андан соң, шаардагы сейил бактарда эс алып жүргөн бөбөктөргө таттуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле, Жумгал районунун Чаек айылындагы Соң-Көл маданият үйүндө Балдарды коргоо күнү белгиленди. Анда, Чаек айылындагы балдардын искусство мектебинин окуучулары бөбөктөргө отчеттук концертин тартуулашты.

Иш-чараны Жумгал райондук маданият үйү уюштуруп, ага 500дөн ашык балдар катышты.

Майрамдык кечеге бөлөнгөн балдарга Чаек айыл өкмөтү тарабынан балмуздактар, райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан таттуулар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1049
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×