При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер таратылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Нарын шаарында 1-июнь — Балдарды коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар мэриясынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Нарын шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 405 бала социалдык өнүгүү башкармалыгынын каттоосунда турат. Алардын ичинен 75 бала шал оорусу менен жабыркайт. Ал эми, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 35 бала ата-энесинин жана жакындарынын кароосунда турат. Бул балдардан Нарын шаарынын мэри Э.Алымкулов жана шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов жеринен кабар алып, эртеңки майрамдары менен куттукташты.

Ошондой эле, ата-энелер менен баарлашып, болгон убактысын балдарына арнап, жанынан чыкпай кам көрүп жаткандарына ыраазычылык билдиришти.

Балдарга таттуу белектерди даярдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 17 миң сом акча каражаты каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 546
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу