При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

ӨКМдин Нарындагы кызматкерлерине 24 батирлүү турак үй курулууда (фото)

Turmush -  Нарын шаарында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери үчүн 24 батирлүү турак үй курула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы турак үйдүн курулушуна капсула салуу аземине өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, шаар башчысы Эмилбек Алымкулов, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Калыс Акматов жаңы пайдубалы түптөлүп жаткан турак үй ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери үчүн биринчи жолу курулуп жатканын айтты.

«Азыркы учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн Кыргызстандын 4 жеринде турак үй курулууда. Алардын бири Нарында курулуп жатат. Төрт кабаттуу турак үй 24 батирлүү: 3 бөлмөлүү 8 батир, 2 бөлмөлүү 8 батир жана 1 бөлмөлүү 8 батир болот. Жалпы сметалык баасы 52 млн сомду түзөт», - деди К.Акматов.

Бул турак үй 4 айдын ичинде толук курулуп бүтүп, август айынын аягында колдонууга берилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 502
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×