При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Таравих намазын окуу үчүн Нарынга 20 студент чакырылды

Turmush -  Нарын облусуна орозо айында таравих намазын окуу үчүн Кыргызстан ислам университетинин 3-4-курста окуган 20 студенти өндүрүштүк практикага келишти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын казыятынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келген студенттер облустун райондорундагы жана шаардык мечиттерге дайындалган. Орозо айында студенттер дайындалган мечиттеринде отуз күн бою өздөрүнүн өндүрүштүк практикаларын өтөп, мечит жамаатына сабак беришет.

Таравих намазы 26-майдан баштап Нарын шаарындагы 4 мечитте: «Азрети Али» борбордук мечитинде, Ак-Коргон аймагындагы «Торик бин Зияд», Соң-Көл аймагындагы «Саад бин Абу Ваккас» жана 64 аймагындагы «Билал бин Рабах» мечиттеринде окулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 579
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу