При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Нарында Аскер күчтөрү менен Чек ара кызматкерлеринин күнү белгиленди (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы жаштар ордосунда аскер күчтөрүнүн жана чек ара кызматкерлеринин күнү салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага аскер кызматкерлери жана райондук, облустук администрациялардын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Бул иш-чарада аскер күчтөрүнүн жана чек ара кызматкерлеринин коомдогу орду белгиленип, мекен чегиндеги баа жеткис кызматы үчүн алкоо сөздөр айтылып, Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн ардак грамоталары тапшырылды. Ошондой эле, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов 4 аскер кызматкерине 500 сомдон, чек ара кызматына 10 миң сом акчалай сыйлык берди. Мындан тышкары, кызматкерлерге юбилейлик жана кынтыксыз кызматы үчүн медалдар тапшырылды.

Иш-чара аскер кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерт менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 432
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×