Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарында Китепканачылардын күнү белгиленди

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Баетов атындагы маданият үйүндө китепкана кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ага Нарын районунда эмгектенген китепкана кызматкерлери, райондук, облустук администрациянын өкүлдөрү катышты. Район жетекчилигинин өкүлдөрү маданиятка кошкон салымы үчүн китепкана кызматкерлери Н.Жусубалиевага, Б.Тентиевага, Г.Малаева, Р.Кытаповго, К.Молдокеевге акимчиликтин ардак громаталарын тапшырды.

Учурда райондогу 32 айылдык, 1 райондук китепканада 44 кызматкер эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 763
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×