При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Нарын облустук драм театрдын жамааты жетекчилерин кызматтан кетирүүнү талап кылууда

Turmush -  М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драм театрынын эмгек жамааты жетекчилердин ишине нааразы болуп, алардан кызматтан кетүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга драм театрдын кызматкерлери билдиришти.

Өздөрүнүн айтымында, драм театрдын директору Болотбек Андабеков жана көркөм жетекчи Акылбек Мураталиев театрды каалагандай башкарып, андагы кызматкерлерди кемсинтип келишкен.

Театрдын артисти, «Маданияттын мыкты кызматкери» наамынын ээси Зарыл Көгөева директор жана көркөм жетекчи менен иштешүү мүмкүн болбой калгандыгын билдирди.

a0acc2b9-5ea1-43e1-bb95-ad318f4ef41b

«Бизге директор жана көркөм жетекчи жаңы дайындалганда "эми театрдын иши жанданып, өнүгүп-өсүүнүн жолуна түшөт" деп, аябай сүйүнгөнбүз. Бирок, үмүтүбүз акталган жок. Директордун кесиби юрист экен. Ал театрды көп түшүнө бербейт. Башында жакшы эле иштешип жатканбыз. Кийин театрда оңдоп-түзөө иштери болуп, камераларды орноткон. Ошондон тартып ар бирибизди аңдып, тиги мынча кечикти, бул кайда бара жатат деп калды. Биз элге спектакль койбой эле, мышык-чычкан болуп ойношуп, бири-бирибизди аңдышып отуруп калдык», - деди З.Көгөева.

Театрдын профсоюз уюмунун мурдагы төрайымы Бактыгүл Канатованын айтымында, театрда иштегендер директор менен бирге көркөм жетекчини да кызматынан кетүүсүн талап кылышууда.

b498a2ba-b9a4-454b-861c-f28ad2712099

«Театрдын директору өзүм билемдик кылып, мыйзам бузуулар менен иш алып барууда. Кызматкерлерди басынтып, элди бөлүп-жарып жатат. Эмгек жамаатта жалпы 109 киши иштейт. Анын ичинен 90%ы жетекчилер менен иштеше албай калдык дешти. Ортодон 3 спектаклдин кийимдерине деп 600 миң сомго чукул акча бөлүнгөн. Ал акчага болбогон арзан баадагы кездемелерди жана сапатсыз кийимдерди алып келишти. Бул жетекчиликке нааразы болгондордун акыркы чыдамы түгөндү. Учурда жалпы эмгек жамаат "абийириңер менен кетип калгыла" дегенибизге карабай "кетпейм, мыйзамдуу укугум бар" деп жатышат», - деди ал.

Ал эми, аталган театрдын директору Болотбек Анабеков эмгек жамааттын мындай күнөө койгондорун негизсиз деп эсептейт.

320575.1.1488186948

«Театрда иштегениме 9 айдын жүзү болуп калды. Бул жерге атайын сынактын негизинде келгем. Мен жаңы келгенде эмгек жамааттын баары чогулуп, театрда тартип жок экенин айтышкан. Азыр тартипти орнотуп, туура убакыт менен келип иштегиле деп айтып жатам. Бирок, бул тартип жакпай, нааразычылыктар болууда. Ал эми, театрдагы кээ бир иштерди катуу көзөмөлгө алып жатканым, бирөөнү басынтып же кемсинтүү эмес, тескерисинче ишке болгон кайдыгерликти жоюуга болгон аракет деп эсептейм. Мындан тышкары, 600 миң сомго форма тиктирүү боюнча документтер, кагаздар бар. Мен бул жерге келгенге чейин, тактап айтканда 10 жылдын аралыгында ич ара нааразычылыктар болуп, бир топ жетекчилер алмашыптыр. Бул жолу да көп жылдан бери иштеген он чакты адам мени жана көркөм жетекчини кызматтан кетирүүнү талап кылып жатат», - деди Б.Андабеков.

Ошондой эле, директор Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан атайын комиссия келип, жетекчилердин ишин териштирип кеткендигин жана дагы бир комиссия келе турганын кошумчалады.

Драм театрдын көркөм жетекчиси Акылбек Мураталиевдин айтымында, көп жылдан бери иштеген кызматкерлер өзгөрүүнү, тартипти каалабагандыктан жетекчиликти кетирүү аракети жасалып жатат.

pv_363167

«Туура убакыт менен иштөө тартибин киргиздим. Каалаган убакта, ээн-эркин келип-кетүүлөргө чектөө койдук. Бул тартип кызматкерлерге жакпай, нааразычылыктар келип чыкты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3131
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу