Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарын шаарында 403 окуучу 11-классты аяктап жатат

Turmush -  Бүгүн, 25-майда Нарын шаарындагы бардык мектептерде акыркы коңгуроо салтанаты белгиленүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Нарын шаарында быйыл 403 окуучу 11-классты аяктап жатса, 576 окуучу 9-классты аяктоодо. Окуу жылдын жыйынтыгы менен 37 окуучу мэрдин стипендиясына татыктуу болушса, окуучулары олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылган 21 мугалимге акчалай сыйлыктар тапшырылган.

Жалпысынан Нарын шаарында 10 мектеп бар, алардын ичинен экөө лицей макамына ээ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 826
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×