Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарында «Интеллектуалдуу студент» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында кечээ, 23-майда Нарын мамлекеттик университетинин студенттеринин арасында «Интеллектуалдуу студент» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Ыйык Ата Журт» коомдук фондунун Нарын облусундагы өкүлү Апсамат Хаким уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган сынак студенттердин арасында экинчи жолу өткөрүлүүдө. Ага Нарын мамлекеттик университетинин бардык факультеттеринен, кафедраларынан командалар катышты.

«Сынакта студенттердин сабактары боюнча атайын суроолор түзүлүп, аларга жазуу түрүндө жооп беришти. Анын жыйынтыгында 1-орунду филология факультетинин «Үч» командасы жеңип алып, 5 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 2-орунду филологиянын «Бир» командасы ээлеп, 4 миң сом жана 3-орунду алган «Дене тарбия» командасы 1 миң 500 сом акчалай сыйлыкты багындырышты», - деди Апсамат Хаким уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1111
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×