При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-август
68.71    80.58    1.15    KZT 0.21

Нарында футбол боюнча «Ынтымак кубогу» мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата 2003-2004-жылдары төрөлгөн балдар арасында кичи футбол боюнча «Ынтымак кубогу» облустук мелдеши өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, кубок үчүн Нарын шаары жана Нарын районунан 20 курама команда күч сынашты. Алар мелдештин жүрүшүндө «Жаштык лига» жана «Келечек лига» болуп экиге бөлүнүп, оюн өткөрүштү. Жыйынтыгында «Жаштык лига» мелдешинде Нарын районунун «Миң-Булак» командасы 1-орунду, Нарын шаарындагы №8 мектеби 2-орунду, ал эми 3-орунду Чкалов атындагы мектебинин командасы ээлешти.

Ошондой эле, «Келечек лига» мелдешинде Ат-Башы районунун «Ат-башы» командасы 1-орунга ээ болду. Нарын шаарындагы №2 мектебинин командасы 2-орунду, Нарын районунун «Миң-Булак» командасы 3-орунду багындырышты. Жеңүүчүлөр тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 682
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу