При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Нарындык окуучулар шаардык мэриянын стипендиясына ээ болушту (фото)

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Субагожоев атындагы Нарын кыргыз-түрк лицейинде акыркы коӊгуроо салтанаты болуп өттү.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, аталган иш-чарага шаар мэри Э.Алымкулов катышып, окуучуларды быйылкы окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ошондой эле, лицейдин окуучуларына тереӊ билим жана татыктуу тарбия берүүдɵгү ийгиликтери үчүн, мугалимдерди Нарын шаардык мэриясынын ардак грамоталары менен сыйлады. Ал эми, тарых мугалими Г.Тиленбаевага «Нарын шаарынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен лицейдин эки окуучусу Б.Темирбековго жана А.Бектургановго окуудагы мыкты ийгиликтери үчүн бир миӊ сомдон акчалай стипендия жана дипломдор тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 458
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×