Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарындык жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү республикалык сынакта биринчи болушту (фото)

Turmush -  Бишкек шаарында өткөн «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» республикалык кароо-сынагында Нарын шаарындагы М.Сыдыков атындагы орто мектебинин «Виктория» командасы 1-орунду жеңип алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Жийде Көкөтаева билдирди.

Маалым болгондой, сынакка облустардан жана Бишкек шаарынан тандалган 8 команда катышты. Бул сынакта «Виктория» командасы Нарын облусунун намысын коргоп, бардык тапшырмаларды кылдаттык менен аткарып, калыстардын жогорку баасына татышты. Алар ИИМдин 1-даражадагы диплому жана музыкалык аспап менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөрдү сынакка М.Сыдыков атындагы мектептин мугалимдери Нурлан Эсенбаев жана Клара Абдиева даярдаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1999
Көп окулду
×