Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-май
Нарын

Нарындын борбордук аянтына темир тосмолор орнотулду (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтына узундугу 100 метрди түзгөн темир тосмолор орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, темир тосмо элдин коопсуздугун сактоо, борбордук аянтта жайгашкан имараттардын астына унаалардын токтоосуна тыюу салуу, ирээтке келтирүү жана шаарды көрктөндүрүү максатында коюлду.

Ар биринин узундугу 1,5 метрден болгон 65 даана тосмону борбордук аянтта масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө жыйнап койгонго да ыңгайлуу. Жакынкы күндөрү тосмолорго гүлдөрдүн түрү өстүрүлгөн челектер илинет. Тосмолорду жасатууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 135 миң сом жумшалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1535
×