Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-октябрь
68.57    80.64    1.2    KZT 0.21
Нарын

Нарында шаар мэриясынын кубогу үчүн мелдеш өтөт

Turmush -  Нарын шаарында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата спорттун жети түрү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган шаар мэриясынын кызматкери Э.Качкымбаева билдирди.

Маалым болгондой, шаар мэриясынын кубогу үчүн облустук, райондук, шаардык мекеме-ишканалар, жогорку жана атайын орто окуу жайларынан аялдардан жана эркектерден турган курама командалар күч сынашат. Мелдеш шахмат, стол тенниси, баскетбол, волейбол, кичи футбол, кол күрөш жана таяк тартыш спорту боюнча 2 этап менен өтөт.

Биринчи этап 19-майдан 21-майга чейин, экинчи этап 8-сентябрдан 10-сентябрга чейин болот. Мелдештин жыйынтыгында 1-2-3-орунду камсыз кылган командаларга Нарын шаардык мэриясынын кубогу жана тиешелүү даражадагы дипломдор ыйгарылат.

Бул иш-чаранын максаты - элдин сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана саламаттыгын чыңдоо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 613
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×