При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Бейшемби, 29-июнь
68.9    78.26    1.16    KZT 0.21

Нарында патрулдук милиция бөлүмүндө ачык эшик күнү өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында облустук ички иштер башкармалыгынын Патрулдук милиция бөлүмү ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган иш-чарага кенже жана жогорку класстардын окуучулары катышты. Анда Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери катышуучуларга өздөрүнүн күнүмдүк иштери туурасында айтып беришип, заманбап үлгүдөгү жабдууларды тааныштырышты. Айрыкча кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармоодогу колдонулган куралды көрсөтүштү.

Бул ачык эшик күнү «Абайла балдар» бир айлык иш-чаранын алкагында өттү. Буга чейин окуучуларга жол кыймылынын эрежелери боюнча лекциялар жана «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» деген кароо-сынактын райондук, облустук турлары өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 428
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×