Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусу, Нарын 25.07.2016 09:55

Нарындык жаштар 1-топтогу майып жашоочуга үй куруп жатышат (фото)

Turmush -  «Алга Нарын» коомдук жаштар бирикмеси ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын көрсөтүп баштады.

Бирикменин өкүлү Ажыбай уулу Жафар билдиргендей, «Алга Нарын» коомдук жаштар бирикмеси 2016-жылдын май айында Нарын шаарында ачылган. Бирикменин максаты – Нарындын жаштарын ынтымакка чакыруу менен ар тараптан колдоо көрсөтүү.

«Биздин бирикме башка коомдук бирикмелер менен активдүү иштешип жатат. “Күн Чырак” кайрымдуулук фонду менен Балдар күнүнө карата оюн-зоок кечелерин уюштурдук. Учурда Нарын шаарынын РТС аймагында 1-топтогу майып эжеге колдоо көрсөтүп, үй куруп жатабыз. Азыр үйдүн пайдубалы тургузулуп жатат.

Жазында Нарын облусунун жетекчилиги менен биргеликте "Салкын-Төр" улуттук эс алуу паркын оңдоп-түзөө иштерин жүргүздүк. Оңдоп-түзөө иштерине 60 миң сом сарпталды.

Учурда РТС аймагында “Алга Нарын” аталышындагы паркты куруу аракеттери көрүлүп жатат. Ага жалпы жонунан 170 миң сом жумушалды», - деди Ж.Ажыбай уулу.

Учурда коомдук бирикмени Төлебаев Коңушбек жетектеп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×