Бөлүмдөр
Ишемби, 25-январь
Нарын облусу, Нарын 05.02.2014 17:35

Нарын шаардык мэрия жылдык отчетун тапшырды

Turmush -  Нарын шаарында жалпы билим берүүчү 8 орто мектеп, 6 бала бакча жана 2 спорт мектеби бар. Бул тууралуу вице-мэр Салтанат Эсенаманова шаардык кеңештин жыйынында маалымдады, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын берген маалыматы боюнча, 2013-2014-окуу жылдарында 7090 окуучуга 530 мугалим, ал эми балдар бакчасында 1708 тарбиялануучуга 77 тарбиячы-педагог билим, тарбияларын берип келишет.

2013-2014-окуу жылына карата мектеп жана балдар бакчаларга ремонт иштери үчүн жалпысынан 2 млн 408 миң 700 сом, жергиликтүү бюджеттен 1 млн 735 миң 800 сом, республикалык бюджеттен орто метептерге жалпы сумммасы 672 миң 900 сом каражат бөлүп, ремонт иштерине жумшалган.

Былтыркы жылы республикалык бюджеттен 763,200 сом акча каражаты ремонт иштерине которулган .

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×